Get Mystery Box with random crypto!

﴿كُلُّ نَفۡسࣲ ذَاۤئقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوۡنَ أُجُ | СҮННӨТ ЖОЛУ

﴿كُلُّ نَفۡسࣲ ذَاۤئقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوۡنَ أُجُورَكُمۡ یَوۡمَ ٱلۡقِیَـٰمَةِۖ فَمَن زُحۡزِحَ عَنِ ٱلنَّارِ وَأُدۡخِلَ ٱلۡجَنَّةَ فَقَدۡ فَازَۗ وَمَا ٱلۡحَیَوٰةُ ٱلدُّنۡیَاۤ إِلَّا مَتَـٰعُ ٱلۡغُرُورِ﴾
[آل عمران ١٨٥]

Аллах Таала айтат:

"Ар бир жан өлүмдүн (даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат күнү сооп-сыйлыгыңарды толук аласыңар. Ал эми ким Тозоктон четтетилип, Бейишке киргизилсе - жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес."


Ибн Усеймин рахимахуллах айтат:

“Качан жана каякта өлөм деп сураба. Анткени, бул маселе суроого муктаж эмес. Баары эчак эле чечилген жана сөзсүз болот. Өмүрүң канча узун болбосун, сен үчүн бир эле күндүк жашооң калгандай. Бирок жүрөгүңдө ар дайым орун алып жана сенин ага жообуң болуусу талап кылынган суроо – бул кандай абалда өлөсүң?...
Эгерде өзүңө ушул суроону берип турсаң, анда сен даярданышың керек. Анткени ажалың качан келээрин билбейсиң. Азыркы абалыңа карап жана кандай абалда өлөөрүңө ой жүгүртүп көр..."

(Ли
ка'ат ал-баабил мафтух 17)

------------------------
Нурбек Аширмухаммад уулу

t.me/sunnotjolu


Канал менен бөлүшүп жакшылыкка себепчи болунуз!