ЖАЛГАН АНТ БЕРҮҮ Абу Умама радияллаху анхудан риваят: Пайга | СҮННӨТ ЖОЛУ
ЖАЛГАН АНТ БЕРҮҮ
Абу Умама радияллаху анхудан риваят: Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат:
"Кимде-ким жалган ант берип, бир мусулмандын мал-мүлкүн алган болсо, ал адамга Аллах Таала Тозокту важип кылып, Бейишти арам кылат." Ошондо бирөө: "Эй Аллахтын Элчиси Эгерде кичинекей нерсе болсо делеби?" - деп сурады.
Пайгамбарыбыз (ﷺ): "(Ооба, тартып алган нерсеси) "Арак" дарагынан болгон бир чыбык болсо дагы" - деди