Get Mystery Box with random crypto!

* ЖООЛУК ТУУРАЛУУ...* *_Кайсы бир аял заты атыр себинип көчөг | ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊

* ЖООЛУК ТУУРАЛУУ...*

*_Кайсы бир аял заты атыр себинип көчөгө чыгып, жытын жыттатуу максатында коомчулуктун алдынан өтсө, ал зына кылган менен барабар._* (Хадис)

Урматтуу аял заты, урматтуу эже - карындаштар. Жүрөгүңүздү кайгы, жан - дүйнөңүздү оору, ичиңиздеги тынчсыздык, уйдогу уруш - жанжал, талкаланган идиш - аяктар...айтор, дүйнөңүздү дүрбөлөңгө салган нерселер тууралуу ойлондунуз беле?


* <<Эч кимге кара санабасам, эч кимге жамандык кылбасам, бирөөнүн күйөөсүн тартып албасам, менде эмне күнөө?>>* деп ойлошунуз мумкун. А бирок ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуулугунузду чоочун көздөрдөн сактабагандан болуп жүрбөсүн. Жыт алган иттей тумшугун сундура суктанып тиктеген балдар, өзү каарысада көңүл каарыбаган чалдар, кызды көрсө кынаган, кызыл нурун чубаган, келиндерди көргөндө эт - бетинен кулаган аягы суюк эркектердин энширеле тиктегени, алардын *<<пай - пайлап>>* тамшанганы болуп жүрбөсүн. Кишинин көзү жаман. *Дал ошол кишинин көзү эчен байлап, эчен кайрып таптаган, бөөдөсүнөн карыш жерге чаппаган, далай-далай коён бел, коз моюн, элик баш, кабыр өпкө, жез таман, капталында канаты бар күлүктөрдү жыкпады беле. Өрүк жесе өпкөсүнөн, алма жесе алкымынан көрүнгөн, бели кындай, бети айдай эчендеген сулууларды соолутпады беле.* Байкасаныз эң кымбат баалуу нерселер кол жеткис жерде болот. Алтын кендер жер астында, көз жоосун алган асыл таштар суу түбүндө, жада калса адамга керек болгону үчүн көмүрдү да «казып» алыш керек. Ал эми жер бетинде тепселип жаткан топурак, кум жана башканын кадыры анча билинбейт. Анар, апельсин, алма, дарбыз, коонду да сонун идиш менен каптап койгон. Чымын-чиркей конуп ачык жатса ыргытылат, же эшек жейт. *Ал эми кадыры улуу, турпаты сулуу, келечекте эне, мээримдүү апа боло турган урматтуу аялзат, ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар экенин унутпаныз!*


Жогорку хадиске байланыштуу бир илимий изилдоо. *«Эмне себептен тукум улачу мезгилде бир канчыкты көп дөбөт ээрчип алат?»* деп бир окумуштуу изилдөө жүргүзуп көрүптүр. Лабораторияда кечке иштеп, кечинде үйүн көздөй басып баратса кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, дөбөттөр жабалактап эле жанынан кетпей дейт. Көрсө ургаачы ит ошол мезгилде өзүнөн бир жыт бөлүп чыгарат экен. Жыт сезүү органы күчттүү иттердин оюнун баары эле ошол иттен кетпей, башка айылдан болсо да ээрчип жүрө берген ошондон экен. Лабораторияда ошол
суюктук кийимине төгүлүп кеткендиктен, иттер ээрчип алган туура.Мал аласы сыртында, киши аласы ичинде дегендей, ким кандай максатта атыр себинип, макияж коюп, чачын жасалгалап сулууланат билбедим го, бирок түрктөр айткандай *«teşbihte hata olmaz».* Сулууланып атыр себинүү болбойт дегендик эмес. Сулуулугун менен сүйкүмдүүлугунду, кыял -жоругуң менен назиктигинди көчөдө колдонбой, үйдө колдон деген сөз. Дал ошондо жубайлардын ортосунда махабат күчөйт. Өз үйүндө
бактылуу боло алган киши- чыныгы бактылуу киши.

Ал эми өзүнүн сулуулугун башкаларга ашкерелеген, утурумдук чырайына маашырланып, баарын артымдан ээрчитем дегендерге эмне дейбиз.
Мен сизге кайрылып жатам. Ооба сизге. Ушул макаланы окуп жаткан кишиге... Өзүңүздү күзгүдөн карап өзүңүз менен баарлашып көрбөйсүзбү, бул күндөр өтөт-кетет, кайра келбейт. Белин бекчейип, жүзүңдү бырыш басат. Балким ал убакка деле жетпейсин. Бир күнү күнөө сени таштап кеткиче, сен аны таштап кал. Бүгүндүн эртеңки, жанынын эскиси бүтүндүн сыныгы болоорун жакшы билесиң. Урматтуу боордош бир тууганым, бул сага ушундай соонун көрк берген, акыл берген, эс берген Жараткан Кудайдын буйругу, талабы...

* Келиңиз, ушул күнгө чейин экиленип эмне кылаарынызды билбей келсеңиз, дароо туруңуз да, жоолугуңузду салыңыз. Уят жерлерди жабыныз. Билем, албетте бул сиздин колунуздан келет. Мыкты атанын тарбиясын, мыкты эненин мээримин көрүп чоңойгонсуз. Алар сиз менен эки дүйнө сыймыктанып, көңүлү көккө көкөлөсүн.Өзгөрүүнү өзүңүздөн баштаңыз. Тандоо сизде. Же арам ойлуу эркектердин утурумдук суктануусун, мактоосун танданыз, же Жараткандын ыраазылыгын танданыз...*