Get Mystery Box with random crypto!

«Күн шооласын чачкан күндөрдүн эң жакшысы Жума күнү ». ( Имам | ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊

«Күн шооласын чачкан күндөрдүн эң жакшысы Жума күнү ».

( Имам Муслим 1410)

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылсаң: «Эгер мындай кылбаганымда тигиндей болбойт эле» деп айтпа. «Аллах каалаганын тагдыр кылды» - деп айткын, эгер десең шайтанга эшик ачасың».

Демек, жашообузда: «Эгерде болгондо, бүткөндө, кылганда, токтоткондо болмок эмес, болот эле ... » деген сөздөрдүн өзү жок. Ошол күн жазылган, сыялар кургаган. Өткөндү карап өкүнбөй сабак алып, эртеңкиге карап, тон пычпай, бүгүнкү күнүң менен жашоо керек. Эң негизгиси бир күнүң болсо да таңдын Раббысы болгон Аллах менен таңың атсын, кылган иштериң Аллах каалагандай болсун. Билгенге мына ушул бакыт, мына ушул жеңиш, мына ушул сүйүнүч момунмун деген пенде үчүн. Болгону ниетти , максатты туура коюп, кыялды туура кылып, Аллага тапшыр, аракет, дуба сенден, берекет Алладан...

Жума күнүңүздөр берекелүү болсун жакшылар!

Насиба Абдуллаева