Муавия رَضِيَ اللهُ عَنْهُ "Оо Аллахтын Элчиси! Биздин аялдарга болгон кандай милдеттерибиз бар?", – деп сураганда.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп жооп берет:
"Качан тамактана турган болсоң аялыңды да тамактандырасың. Качан өзүңө кийим алсаң, ага да кийим алып бересиң. Аялыңдын жүзүнө урбайсың, аялыңды үйүңдүн сыртында элдин көзүнчө кагып-силкип, кемсинтпегин", – деди.