2022-05-26 13:56:41
Университеттин миссиясы. Кыргыз-Түрк "Манас" университети түзүлгөн күндөн тарта түрк тилдүү мамлекеттердин ичинде сапаттуу билим берүүнү негизги милдеттеринин бири катары кабыл алган. Университеттин миссиясы – заманбап билим берүү системасынын жардамы менен түрк дүйнөсүнүн жаш муундарын аң-сезимдүү, өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялап өстүрүү. Окуу жайда өз маданий баалуулуктарын сактаган, ар тараптуулукка умтулган, инсан катары калыптанган, түрк дүйнөсү менен дүйнөлүк илимге өз салымын кошо алган, жаӊы маданиятты курууну кыялданган жаш муундарды даярдоого артыкчылык берилет. Университет академиялык кызматкерлеринин жана студенттеринин катышуусунда түрк тилдүү мамлекеттер менен тил, илим, билим, тарых, адабият, маданият, көркөм өнөр, экономика жана спорт жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү, ошондой эле инсандык баалуулуктарды калыптандырып, универсалдуулукка умтулат.
1.3K viewsМАРКЕТИНГ БӨЛҮМҮ, 10:56