Get Mystery Box with random crypto!

Университеттин концепциясы. Түрк дүйнөсүнүн эзелтен берки тажр | МАНАС

Университеттин концепциясы. Түрк дүйнөсүнүн эзелтен берки тажрыйбаларына таянган, абройлуу, эл аралык аренада өзүн тааныткан, окуу-тарбия жана илимий изилдөө иштери боюнча бай тажрыйбага ээ, түрк цивилизациясына салым кошо ала турган эл аралык деңгээлде абройлуу, жаратман жана дүйнөгө таанылган алдыңкы университет болуу окуу жайыбыздын негизги максаттары болуп саналат. Университеттин концепциясы – заманбап, демилгелүү, жаңычыл, өзгөрүүгө жана өнүгүүгө ачык, региондо алдыңкы катардагы окуу жай болуу. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 21-кылымдагы негизги максаттарынын бири – жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо аркылуу Кыргызстандын экономикасына салым кошуу.