Get Mystery Box with random crypto!

Депутат Нуржигит Кадырбеков окуу келишимин доллар менен түзүүг | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Депутат Нуржигит Кадырбеков окуу келишимин доллар менен түзүүгө тыюу салууну сунуштады

Ал валюта рыногундагы кырдаал жеке мектептерде, жогорку окуу жайларда окугандарга да таасирин тийгизип жатканын айтат.

"Ушундай көз боёмоочулукка чек коюш керек. Инфляциянын талаптарын эске алып окуу келишимин сом менен гана түзүү зарыл. Муну менен биз улуттук валютаны дагы коргойбуз, билим алган балдардын ата-энелеринин укуктарын да сактайбыз", — деди Кадырбеков.

Азыр көпчүлүк банктар долларды 97 сомдон сатып жатышат, бир жума мурун 84,9 болчу.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG