Get Mystery Box with random crypto!

Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси Путин Украинаны басып алуу | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси Путин Украинаны басып алуу ниетин жоктугун, ага өлкөнүн нейтралдуу макамы керектигин айтты.

Анын соңку кырдаал тууралуу айткан пикири тезис түрүндө берилет:

Владимир Путин бизге мындай болорун 15 жыл мурун эскерткен.

Биз россиялык аскер күчтөрү Кубага келишине каршы болгон сыяктуу эле Путин да АКШнын аскерлери менен ракеталары чек арасына жакын жайгашканына чыдабай турганын айткан.

Биз аны укпай койдук, ал сөздөн ишке өттү.

Атайын операциянын жүрүшү жөнүндө:

Азыр Украинанын чыгышындагы салгылашуу дээрлик бүтүп калды.

Украинанын аскер күчтөрү курчоого алынып, эки жээкте калды. Чыгыш-батышына 30-40 миңдей аскер коюлган, эгер алар багынып бербесе жок кылынат.

Эмнеге Зеленский сүйлөшүүгө макул болду?

Оюн бүттү. Зеленский эптеп колу жете турган, жакшыраак келишимге макул болушу керек болот. АКШ дагы эгер ал Украина үчүн нейтралитетти тандаса колдойбуз деп айтты.

@SputnikLive