Get Mystery Box with random crypto!

Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

"Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ошондуктан, кимибиз болбойлу - баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам", ― деп жазган президент.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тартып, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырылганы айтылды.

@Sputnik_kyrgyzstan_kg