Get Mystery Box with random crypto!

Быйыл жайда Бишкекте чоң футбол болот. Кыргызстан Азия кубогун | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Быйыл жайда Бишкекте чоң футбол болот.
Кыргызстан Азия кубогуна тандоо оюндарын кабыл алуучу алты өлкөнүн катарына кирди. Эми Бишкек өз тайпасындагы бардык беттештерди өткөрөт.

Оюндар 8, 11 жана 14-июнга белгиленген. Адатта улуттук командалар "өз үйүндө жана конокто" ойношчу, бирок ковидден улам оюндардын саны алтыдан үчкө кыскарган. Бир жумадан кийин Кыргызстан кимдер менен бир тайпада болору аныкталат (сиздерге сөзсүз кабарлайбыз).

Күйөрмандар стадионго киргизилеби? Азырынча белгисиз – баары эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Уюштуруучулар беттештерге аз калганда чечим чыгарышат.

@Sputnik_Kyrgyzstan