Get Mystery Box with random crypto!

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасына эки өлкөнүн жарандары топтол | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасына эки өлкөнүн жарандары топтолуп, абал жөнгө салынды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Максат айылында кыргыз тарап чарбалык жумуштарды жүргүзүп баштаган. Көп өтпөй Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, ишти токтотууну талап кылган. Андан соң коңшу өлкөнүн жарандары чек аранын тактала элек тилкесине тосмо куруу үчүн даярдык иштерин башташкан.

Чыр-чатактын алдын алуу максатында эки өлкөнүн аймактык чек ара жетекчилери сүйлөшүп, бардык иштерди токтотууга макулдашышкан.

@Sputnik_Kyrgyzstan