Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү
Анын курамына ар бир фракциядан бирден өкүл кирди:
Айбек Осмонов — "Ата-Журт Кыргызстан" Исхак Масалиев — "Бүтүн Кыргызстан" Бахридин Шабазов — "Ишеним" Динара Ашимова —"Ыйман Нуру" Азамат Исраилов — "Альянс" Аманкан Кенжебаев — Элдик топ
Комиссия бир ай убакыт ичинде Мадумаровго байланыштуу ишти иликтеп, корутунду чыгарат. Андан кийин депутаттар кесиптешин жоопко тартууга макулдук берет же четке кагат.