Get Mystery Box with random crypto!

Акылбек Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу жолун сунуштады. | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Акылбек Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу жолун сунуштады. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке киргизүү керек.

Өкмөт энергия булактарына шарт түзүп жатканын айтат:

шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүүдө КНСтен бошотулат

ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруунун кажети жок

энергиянын талаптарына жооп берген имараттар жана курулмалар 50% мүлк салыгынан бошотулат

энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 энергиянын кайра жаралуучу объекттерин курууга сертификаттар берилди

министрлик "энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам долбоор иштеп чыкты. Ага ылайык, электр энергиясын лицензиясыз сатууга болот, энергиянын кайра жаралуу булактары киреше салыгынан бошотулат жана өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.

@Sputnik_Kyrgyzstan