Get Mystery Box with random crypto!

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Сауд Аравиясына | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Сауд Аравиясына учуп кетти.

Маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, Жээнбеков Мекке шаарына кичи ажылыкка андан соң, Жидда шаарына барат.

"Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын Королунун чакыруусу менен баратат. Пандемияга байланыштуу кирүү чектелгендиктен сапар үчүн расмий чакыруу талап кылынат. Кичи ажылык 10 күнгө созулат, андан кийин экс-президент Бишкекке кайтып келет," – деди маалымат катчы.

@SputnikКыргызстан