Get Mystery Box with random crypto!

Көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповдун талапкерлигин премьер-мин | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырды.

Эми маселе тиешелүү комитетте каралып, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Марипов өкмөттүн курамын тааныштырган жок, бирок алдыдагы пландарына учкай токтолду.

Өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскартылат.

Айыл чарба министрлигинин түзүмү өзгөртүлөт жана мекемеге тажырыйбалуу адам жетекчи болот.

Экономика, Каржы министрликтери сыяктуу окшош мамлекеттик органдар бириктирилет. Бул блокту вице-премьерлердин бири башкарат.

Энергетикалык кризис жана бюджеттин тартыштыгы боюнча көйгөйдү чечүүгө басым жасайт.

@SputnikКыргызстан