Get Mystery Box with random crypto!

КР БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кы | КР БШК / ЦИК КР

КР БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт



Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлери!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы силерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт.
Мамлекеттик кызматчы болуу – күн сайын, ак ниет жана сапаттуу эмгекти, кесипкөйлүктү, өз убагында жана кылдат чечим кабыл алууну, жарандык жана кесиптик аң-сезимдүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, укук менен мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган силердин күндөлүк күч-аракеттериңер элибиздин бакубат жашоосун өстүрүүгө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын урматтоону жана аларга ишенимди арттырууга сөзсүз түрдө көмөктөшөт.
Силерге чың ден соолук, үй-бүлөдөгү бакыт-таалай жана Кыргызстандын элине кызмат кылуунун асыл жана жооптуу ишинде кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!