Get Mystery Box with random crypto!

ИТ ҮРӨ БЕРЕТ , КЕРБЕН ЖҮРӨ БЕРЕТ Жаш кезимде сөз айтканга с | 🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

ИТ ҮРӨ БЕРЕТ , КЕРБЕН ЖҮРӨ БЕРЕТ


Жаш кезимде сөз айтканга сөз айтып , ыр жазганга ыр жазып дарегиме жолдонгондун баарына жооп кайтарчумун . Эл ичинде ар түрдүү адам бар : көралбастар , ичи тарлар , текеберлер , сынчылар , айтор , кээде ушундай кара ниеттикти билип туруп деле жооп кайтаргандан тажачу эмесмин. Кийинчерээк мындан эч пайда чыкпасын сездим . Болгону убакыт короп , жүйкөң жукарат экен . Жакшысы андайларды укпай , эмне десе да кулак сыртынан кетирүү керектигин билдим .
Буга атамдын насааты да себеп болду . Атам мечитке жүрөгү менен байланган , түнкү намазы менен Куран окууну такыр калтырбаган такыба киши эле . "Эгер дарегине жолдонгон жаман сөз болсо , керең сыяктуу укпай кой . Жооп бербе , берсең да сылык - сыпаа гана жооп бер . Адам акысын билбегендердин ката- кемчилигин жерди казып көөмп сал , экинчи көрбөгөндөй бол " , - деп насаат кылчу , жарыктык киши, Алла аны ырайымына бөлөсүн .

Атамдын ушул сыяктуу насааттары жүрөгүмдү тазартчу , көңүлүм жибип мурда жек көрүп калган адамдарды да кечирип , анан эч кимдин жаман сөзүнө көнүл бурбай калдым . Ошондон тарта жашоом аябай жеңилдеди, көңүл тынч, эч нерсе менен ишим жок, убактым да кенен.


Мага карата айтылган ушак, жамандоо, сөөгүнүү ж.б мунун баары-менин күнөөмдү өчүрүүчү, напсимди тазалоочу каражат экенин, анан да менин ийгилигим дин артып жатканына далил экенин түшүндүм.


Абу Тамам айткандай: "көралбастын сөзүнө кулак салба, акмактын кылыгына көңүл бурба" : жашооң бейпил, уйкуң тынч болот.



Бакыттын сырын ачтым китебинен
Даярдаган: Машхура устаза