Get Mystery Box with random crypto!

Турмушка чыкканы жаткан кызга кеңеш Муундан-муунга, апад | 🌸~Бейишим~🌸

Турмушка чыкканы жаткан кызга кеңеш



Муундан-муунга, ападан кызга айтылуучу чоң энелердин айткан осуяты:
Кызым, өзүң төрөлүп өскөн, багып чоңойткон ата-энеңдин уясынан учуп, жат элге кетип бара жатасың. Кулк-мүнөзүң, каада-салтын билбеген адам менен турмуш курасың.


Ошондуктан:


Сен ага жер бол! Ал сага көк (асман) болсун!


Сен ага үй бол! Ал сага тирек болсун!


Сен ага күң бол! Ал да сага кул болсун!


Сен ага кыйындык туудурба! Сага деген сезими өчпөсүн!
Андан алыстан кетпе!

Сени унутпасын!
Анын көзүн, мурдун, кулагын өзгөлөрдөн сакта! Көзү сенден баканы көрбөсүн, сенден башканын жытын билбесин жана сенден ар дайым жакшы сөздөрдү уксун!