Get Mystery Box with random crypto!

Ассалам алейкум Мекендештер Жаштардын китепке болгон сүйүүсүн | rustam_kalmatov7

Ассалам алейкум Мекендештер
Жаштардын китепке болгон сүйүүсүн арттыруу максатта атайын жарыш уюштуруп, мени калыс катары чакырган "Надежда" окуу борборуна ыраазычылык билдирем. Келечек муундардын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, дагы да болсо китепкөй инсандардын көбөйүүсүнө себеп болуп жатат.
Надежда окуу борборунун жетекчиси Джолдубаев Азат агайга терең ыраазычылык билдирем. Кылып жаткан мээнети үчүн Алла Таала ыраазы болсун. Канчалаган жаштардын илим алуусуна салым кошуп, ал менен эле чектелбестен ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатат. Буйурса дагы жакшы иштерге себепчи болуп жүрө бериңиз. Ишиңизге ийгилик, жетишкендиктерди каалайм.