Get Mystery Box with random crypto!

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлү | ПОЛИТ УЗНИК

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев иликтөөчү журналист Болот Темровдун акталганын кубаттады. Мындан улам ал өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына, камактагы журналисттер, блогерлерге маселесине токтолду.

"Сөз эркиндиги болбогон коом тыңдап өнүгө албайт. Мен кечээ Болот Темировго чыгарылган сот чечимин абдан жылуу кабыл алдым. Сот чечими адилет, орундуу болду, бийлик органдары, айрыкча күч түзүмдөрү жазалоо, айыптоо ыкмаларынан кетиши керек. Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Таалай Дүйшөмбиев жана башкалар эч качан коррупционер болгон эмес. Ооба, алар балким кайсы бир ойлонуштурулбаган эмоционалдык нерселерди жасашкандыр. Бирок бул жагдай аларды дароо түрмөгө отургузууга негиз болбойт деп эсептейм. Эгер биз өнүккүбүз келсе сөз эркиндиги өңдүү принциптерди бекем карманышыбыз керек",-деди Алиев.