Get Mystery Box with random crypto!

Эрлан Бекчороевич: 'Yrysтын өмүрү менен ойнобогула!' 'Саясатч | ПОЛИТ УЗНИК

Эрлан Бекчороевич:
"Yrysтын өмүрү менен ойнобогула!"

"Саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат:
Бүгүн 19 жаштагы саясий туткун Ырыс Жекшеналиевге жактоочу Кантемир Турдалиев СИЗОго 15:30да кирип чыккан. Абалы оорлоп жатканын СИЗО 1дин мед.кызматкерлерине кабарлап, тез жардам чакыруусун талап кылган. 16:30да Ырыс камалып жаткан камерасынын ичинен эсин жоготуп кулаганда абалын текшерүү үчүн көтөрүп кетишкен. 15:30да чакырылган тезжардам 19:15де келген. Кызык жери тезжардам кызматкерлери дагы Ырысты ооруканага алып кетпей дары-дармегин гана берип кетишкен. Биз токтотуп сураганда ооруканага жатчу жагдай эмес дешти. Бирок кече ЮРФАда текшерткенибизде кардиолог Ырыстын ооруканада текшерилип жатышын, оорусу күчөп кетерин айткан. Ырыска бир нерсе болсо ким жооп берет? Бийлик ИИМге шылтап гана туруп берет.