Get Mystery Box with random crypto!

Президент Садыр Жапаров Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек О | ПолитКлиника медиа

Президент Садыр Жапаров Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, - деди президент.

Өлкө башчы тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасын бүгүн кабыл алды. Анда кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланган.

@politklinika