2023-03-08 10:35:46
Ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири – кумар оиноо. Исламда адал киреше табуу жолдору белгилүү. Мусулман адам өз маңдаи тери менен иштеп, эмгек кылып акча табат. Ислам шанска таянган (лотерея сыяктуу) оиундарды арам кылган. Ошондуктан ислам аалымдары мындаи оиундардын баары кумарга кирерин баса белгилешкен. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жаиган лотерея, оюн автоматтары, «картошка» оюндарынын баары кумарга кирет. Мындан сырткары ат жарыш, биллярд сыяктуу спорт түрлөрүнө карата шанс оюндары (маселен, эки адамдын ортосундагы мелдешүү же ставка коюшуу) да кумарга кирип, арам болуп эсептелет. Кумар оиноо, оинотуу жана мындаи жерлерден акча табуу чоң күнөө. Куранда төмөнкүчө буюрулат:
«О, момундар! Арак, кумар, (сыиынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шаитандын ыплас иштери. Мындан сактангыл! Мүмкүн кутулаарсыңар. Шаитан арак, кумар менен ортоңорго кек салып от жагып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалаит…» (Маида сүрөсү, 90-91).
Кумар дин Исламда өзгөчө баса белгиленген адал киреше табуу, адам укугу, акыикат, адилеттүүлүк сыяктуу жагдаиларга түк дал келбеит. Кумар – бул эч кандаи эмгек кылбастан башка адамдардын акыларын жөн жерден алуу. Бүгүнкү күнү кумардын түрү абдан көбөиүп көптөгөн адамдарды өз таасирине алып коомдук көигөилөрдү жаратып жаткан чакта мындаи жолдордон оолак болуу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Кумардын зыяны аитпаса да аидан ачык. Ошондои болсо да бир-эки ооз сөз аитсак ашыкча болбос. Кумар адамды кебез менен мууздаган, өтө тез ырбап, тез жуккан жугуштуу оору сыяктуу. Ал ар даиым адамдар ортосуна от жагып, келишкис душманга аилантып, андан ары коомдук беипилдикке, тынчтыкка доо кетирип, коомдук ынтымактын ыдырашына чеиин алпарат. Кумар адамдын жеке өзүн да, үи-бүлөсүн да туңгуюкка бууп, өзүн-өзү өлтүрүүгө, үи-бүлө келечегине ар кандаи коркунучтардын жаралышына шарт түзөт. Ошондуктан бул өтө орчундуу маселе.
150 views07:35