Get Mystery Box with random crypto!

20-25 жашар жигиттерге. Тагыраагы бойдокторго... Тик-ток же в | Психологиялык практ🫶

20-25 жашар жигиттерге. Тагыраагы бойдокторго...

Тик-ток же вайн менен алаксыбай, татыктуу ата болгонго аракет кылып илим алгыла.

Өзүңөргө аял тандабай, келечекте төрөлүүчү балдарыңарга тарбия бере ала турган татыктуу апа тандагыла. Аны үчүн алгач аталык жоопкерчиликти билгиле.

Аялыңар Аллахтын аманаты - хадис. Ар бир эркек ушул хадистин маанисин түшүнгөндө бир да аял ыйлабайт эле, бир балдар жетим калып сыздабайт эле.

Үйлөнүп бүтүп аялыңдан айып издебей, бойдок кезде башыңды иштeт. Илим  ал, турмуштун сырын үйлөнгөн улуулардан сурап бил.

Чыныгы махабатты жетелешип жүргөн жаштардан эмес, жетелешип жүргөн кемпир-чалдардан сурагыла ошолор айтып беришет....

Кеч боло электе, өкүнүп кала электе, эртерээк ойлонолу жана ойгонолу жигиттер....

Идрис Айитбаев