Get Mystery Box with random crypto!

КЕСИП Кесип тандоо – биздин тагдырды аныктай турган өтө жоо | EDUON (Онбилим) - ЖРТ

КЕСИП

Кесип тандоо – биздин тагдырды аныктай турган өтө жооптуу бирден-бир чечим. Буга абдан  көңүл буруу менен кароо абзел. Айрыкча кайсы кесиптин ээси болорун чече албай ара жолдо турган абитуриенттер үчүн бир канча кеңештер :


Кесип жөнүндө ойлонууну/изденүүнү качан башташ керек?
Мектепти бүтөөрдө гана кесип жөнүндө ойлонуу кеч деп ойлойм. Кесип жөнүндө 8-9-класста ойлонуп баштоо керек. Ошол убактарда эле адам өз шыгын, жөндөмүн аныктаса, кесип тандоодо дагы эч кандай тоскоолдук болбосо керек.

Кайсы кесиптин ээси болгуңуз келет?
Кээ бир адамдар жашынан эле бир нерсеге шыктуу болот. Бирок билим алып ошол талантты кесипкөй деңгээлге чыгарбаса, жыйынтык болбойт. Шыгы жоктор кесипти туура тандап, талыкпай мээнет кылып ийгиликке жетсе болот.
Айталы, колуңузда ЖРТнын (ОРТ) жыйынтыгы жана тийиштүү документтер бар. Эми биринчи кезекте кесип тандап, андан соң ошол кесип боюнча мыкты адистерди чыгарган ЖОЖду тандаш керек.


Кесип тандоо
Психология боюнча деле кесибин сүйгөн адамдар өзүн бактылуу сезери жана чексиз ийгиликтерди жаратары айтылат. Чоң-чоң ачылыштар, дүйнөнү дүңгүрөткөн компаниялар жана тарыхта калган ысымдар кесибин сүйгөн адамдарга таандык. Мисалы, Стив Жобс өз кесибин сүйбөгөндө азыр «Appleдин» кооз компьютери жана телефондору болмок эмес.

Албетте, кесип тандоодо мугалимдерден, ага-эжелерден жана ата-энеден кеңеш сурап коюу ашыктык кылбайт. Бирок акыркы чечимди өзүңүз гана кабыл алышыңыз керек. Сиз үчүн бирөө кесип тандаганы такыр туура эмес. Себеби, бул сиздин жашооңуз жана ага жалгыз өзүңүз гана жоопкерчиликтүү экениңизди унутпаңыз.
Минтип айтканымдын себеби - «бир кезде ата-энем мени өзүм каалабаган кесипке окуткан, азыр менде диплом бар, бирок жумушум жок» деп кейиген адамдар көп кездешет.


Кандай кесиптер бар экенин жана кайсы кесиптердин келечеги кең экенин билбей туруп заманбап кесип тандоого мүмкүн эмес. Кесип тандоо үчүн көбүрөөк изденип, учурдун жана келечектин кесиптери жөнүндө маалымат алып терең талдоо жүргүзүш керек.

Өзүңүзгө жаккан кесиптин маянасын, 10-20 жылдык келечегин жана ал кесиптин ээлери кандай жашап жатканын талдап чыгып, жети өлчөп бир кесиңиз. Бул жерде «элдин баары эле окуп жатпайбы» деген мамиле жарабайт, келечеги кең кесипти тандаңыз.

Азыркы учурда глобалдашуу жана автоматташуу процесси катуу жүрүп жатат. Адамдын акылы, креативдүүлүгү керексиз болгон жумуштардын көпчүлүгү жакынкы он жыйырма жылда толугу менен жоголушу мүмкүн. Мындай нерсени сөзсүз эске алуу керек.

Туура кесип тандоо гана эмес, ошол кесиптин мыкты адиси болуп чыгуу да маанилүү.

Канткен күндө да билим алууга умтулуу керек жана билимге инвестиция салуу сөзсүз өзүнүн жемишин берет.