Get Mystery Box with random crypto!

​​Ассаляму алейкум көптөн бери пост киргизе элекмин .Бүгүн бир | Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

​​Ассаляму алейкум көптөн бери пост киргизе элекмин .Бүгүн бир темада жазгым келди .....

Биз дайыма угуп көрүп жүргөн өзүбүздө бар нерселерди баалабай, башка бирөөдөн башка жактан ошол эле нерсени кичине бир жери башкача болсо укмуш көрөт экенбиз.
Жадакалса жаңы терминдерди кошуп жаңылык(ачылыш) киргизип койсо ваааау бул бул техника иштейт экен деп таңыркап да калат экенбиз.

Кайсыл терминдер же техникалар дейсизби?

Аффирмация - бул эмне экенин көпчүлүгүңүздөр билесиздер .

Аффирмация (латын тилиндеги affirmatio – “бекемдөө”, “ырастоо” сөзүнөн) – сиз өзүӊүз түзүп алган бекемдөөчү айтым. Ал айтымды бир нече жолу кайталагандан кийин талап кылынган образ адамдын көмүскө туюмунда сакталып, жашоосунун оӊ жакка өзгөрүшүнө түрткү болот.

Бул Аффирмация деген термин бизде бар .Бул НИЕТ
Жакшы ниет жарым ырыс .
Ниетиңе жараша.
Ниетиңди түз кыл.
Ниетиңди оңдо деген сөздөр бар .
Жакшы ниет жашоодо канчалык маанилүү экенин билебиз.

Аффирмация деп атайын жазылган даяр сөздөрдү окуштун кереги жок .  
Жан дилибизден чыккан ниет болушу керек

МЕДИТАЦИЯ-деген эмне? Бул руханий тарбия, анын жардамы менен айрым фундаменталдуу жеке сапаттар иштелип чыгат. Медитация толугу менен, жашоонун өзүнө кызыкчылык берүү менен, жетишүүгө мүмкүн болгон ар тараптуу мааниде аныкталат. Анын негизги максаты, психологиялык жактан алганда, биздин оюбузда катылган нерселерди ачыкка чыгаруу. 
 
А медитация бул бизде ДУА.
Аябай берилип ишеним менен Гипномедитация кылса иштейт экен дейт .

Ишеним менен дуа кылсак иштебейби эмне? 
Дуа -бул мусулмандардын куралы деген сөз бар . 
Сиздин чоң -эне , тай-энелериңиз медитация жасаганбы ?
Алар ар дайым дуа кылышкан .

Хоопонопоно - бул мен өкүнөм ,мен өтүнөм ,мени кечир ж.б сөздөр менен айтылган медитация, бул ТООБО КЫЛУУ . 
Тообо кылуу менен Аллахтан кечирим сурайбыз ,жүрөктөрдү тазартабыз .

Мунун баары Ислам дининде бар нерселер. Угуп көрүп жүрөбүз анан эле алаканыбызды жайып дуа кылбастан, эврейлерди туурап буттарыбызды кайчылаштырып ,колубузду бутубуздун үстүнө коюп медитация жасаган туурабы .Же булар такыр башка дейсизби?

Жөн эле менин оюм.....
Ката кемчилиги болсо түшүнөсүздөр