Get Mystery Box with random crypto!

Эмне үчүн казино келечекте ар бирибиз үчүн олуттуу маселеге ай | Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

Эмне үчүн казино келечекте ар бирибиз үчүн олуттуу маселеге айланышы мүмкүн?

1. Мамлекеттин байлыгы анын кен-байлыктары эмес, адамдык ресурсу деп дайыма айтып келебиз. Ыймандуу, билимдүү, ар-кимдин оюн ээрчип кете бербей өз алдынча анализ кылып, туура тыянак чыгара алган, бүгүнкү кылган иш эртең кандай жыйынтык берээрин ойлонуп, арканды алысыраак таштай ала турган, дүйнө таанымы терең, ойлогон ою кенен, материалдык эмес руханий байлыкка көбүрөөк кызыккан, ар дайым изденүүнүн, өзүн өнүктүрүүнүн аракетин көргөн эли бар өлкө өтө тез убакта өнүгүп кетүүсү эч кимди шектендирбейт. Элибиздин руханий саламаттыгын, интеллектуалдык даражасын, ар тараптуу билимин көтөрүп, бийик даражага жеткирүү үчүн саякаттоо, дүйнө кезүү, илим алуу, тажрыйба топтоо … деген сыяктуу процедуралардан өткөрүү кажет. Жана ошол эле убакта ар кыл багыттагы илимдүү, билимдүү, адискөй адамдарды мекенибизге чакырып алардын билимин, тажрыйбасын алып калуубуз зарыл.

Бирок, эгерде 99 зыяны, 1 гана пайдасы бар казинону тейлөө менен алектенсек мекенибизге кумарды сүйгөн, психологиялык жактан туруксуз, көкүрөгүндө оорусу бар адамдарды гана чогултабыз жана алардан кумарды кандай туура ойношту, жеңил акчага кантип жетишти, уткан соң кандай майрамдашты гана үйрөнөбүз.

Башка өлкөлөр мындай адамдардан арыла албай жүрүшсө биз тескерисинче, мейман кылып чакырганыбыз кандай гана акылсыдык.

2. Бийлик башындагылар казинонун баардык зыянын билип турса дагы «бюджетке акча керек» деген шылтоону карманып келишти. Эгерде коомчулук убагында реакция кылып, бийликти эл менен эсептешүүгө үйрөтпөсө, келечекте мындан дагы балит иштерге жол ачылышы мүмкүн. «Бюджетке акча керек, Ысык-Көлгө гейлер үчүн пансионат куралык, акчасын батыш берет. Ал жерге биздин жарандар кирбейт», «Бюджетке акча керек, элди багыш керек, деген сыяктуу долбоорлор башталбайт деп ким кепилдик берет.

Эптеп эле акча табыш максатын көздөө болсо «өзүңдү» сатсаң деле, элиңди, жериңди сатсаң деле акча табыла берет. Бирок, акча үчүн гана ошого баруу керекпи?

3. «Биздин жарандар кирбейт» деп канчалык актанганыбыз менен, акыры келип көкүрөгү оорулуу жарандарыбыз көбөйө баштайт. Себеби, кумардын жайылышын бекем дубалдар тосо албайт. Ал эми, бизге, тескерисинче, көөдөнү ыйманга, билимге, мыкты сапаттарга толгон жарандар өтө зарыл.

4. «Ысык-Көл – кыргыз бермети» деген ассоциация жоголуп, Лас-Вегас сыяктуу Ысык-Көл дегенде «кумаркана, жеңил акча, казино» деген ассоциация жаралышы мүмкүн.

5. Арам ачык болгон жерде, Жараткандын каары түшүп турат. Өткөн кышта эле баарыбыз Токтогулдун суусун санап араң чыктык эле. Кудай сактасын, эгерде чыныгы сыноо келе турган болсо казинодон түшкөн акчадан 10 эселеп чыгаша болуп жүрбөйлү.


Эптеп эле акча табууну көздөгөн депутаттар, бийлик башындагылар акчадан башканы ойлобой, кыргыз элинин келечегине кыжаалат болбой, келечекте казино жалаң гана зыян берээрин айтууга же акылы жетпей, же эрки жетпей, же духу жетпей, же баары тең жетпей турган учуру.

Түркия жана түрк тилдүү кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүп, калктын калың катмарына арзаныраак саякаттоо жолун караштырып көздөрүн, көөдөнүн ачуунун, китеп окутуп, өзүн өнүктүрүүгө кызыктыруу иштерин кылуунун, кыргыз жеринде отуруп алып дүйнөгө иштөө үчүн IT жана башка тармактагы чет элдик илимдүү жаштарды тартып, аларга мыйзам жактан, мүмкүнчүлүк жактан жакшы шарттарды түзүп берүүнүн ордуна, «пулуң берсең кулуңмун» деп төрүбүзгө руханий оорулуу, «кедей», кыргыз элине зыяны тийе турган адамдарды чакырып жатышат.

Мындай депутаттардын, бийлик башындагылардын зыяны казинонун зыянынан дагы көп болот.