Get Mystery Box with random crypto!

Кичинекей кезимде ушул сөздү угуп алып ойлочумун:'Айдын он беш | Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

Кичинекей кезимде ушул сөздү угуп алып ойлочумун:"Айдын он беши жарык ,он беши караңгы болсо ,анда азыр мен кайсысында жашап жатам?"- деп.
Ата -энем бар ,курсагым ток ,каалаган нерсемди алып беришет .Анда кийинки жашоом татаал(караңгы) болобу деген ой да келген .

Бирок азыр деле жакшы жашоодо жашап жатам Аллага шүгүр. Жашоо таптакыр андай эмес экен .
Биз бүгүн жакшы жашап ,эртең жаман (начар) жашабайбыз. Же жашообуздун жарымы бактылуу, жарымы бактысыз эмес. Же болбосо бул дүйнөдө бактысыз ,акыретте бактылуу эмес экен.

Биз жашообузда кандай максат коюп, кандай ой ойлосок, ошого карап аракет кылып өзүбүздү даярдасак(настрой), анда биздин жашообуз ниетибизге жараша ошол нукта кете берет экен .

Ал эми бул сөздү адам кыйналган күнүндө жакшы күндөрдү үмүт кылып айтат экен .

Бирок,
"Айдын он беши жарык ,он беши караңгы "- деген түшүнүктү таптакыр чийип салып ,
"Ар бир жамандыктын артында чоң бир жакшылык бар "- деген түшүнүк менен ушул сөздү айтканыбыз туура болот экен.

Каналга катталыңыз
@onuktur


Кошумчалай турган сөзүңүз болсо, же дагы оюуңуз болсо комментарийге жазсаңыз болот .....