2023-04-16 04:41:13
Пайгамбарыбызга салам салаваттар болсун!
Алла Таалага мактоолор болсун!
Оо, пайгамбарым (саллаллаху алейхи васаллам) сиздин үммөтүңүздөн кылып койгонуна Жаратуучубузга мактоо саналар болсун! Оо, адам затынын мырзасы! Оо, Алла Тааланын пайгамбары жана элчиси! Оо, үммөтүндүн шапаатчысы! Оо, пайгамбарлардын акыркы мөөрү! Сизге жана эң жакшы урпагыңызга салам салаваттар болсун!
Сиз бизге тоолугу менен динди жеткирдиңиз, аматты өтөдүңүз! Үмөтүңүзгө наасаат кылдыңыз! Бүдөмүк нерселерди бизге ачыктап бердиңиз! Сизди ортого салып Алла Тааладан шапаат кылууңузду суранабыз! Убада кылынган эң чоң шапаат сизге таандык! Бейиштеги васыйла даражасын сизге Алла Тааладан сурайбыз! Аяттын маанисинде:
وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذ ظَّلَمُوا أَنفُسَهُمْ جَاءُوكَ فَاسْتَغْفَرُوا اللَّهَ وَاسْتَغْفَرَ لَهُمُ الرَّسُولُ لَوَجَدُوا اللَّهَ تَوَّابًا رَّحِيمًا
“Эгерде алар өздөрүнө адилетсиздик кылышып сага келип, Аллахтан кечирим сурашса, алар үчүн Аллахтын элчиси да кечирим сураганда, алар Аллахтын Тооболорду кабыл кылуучу , Мээримдүү экендигин табышаар эле ”. Ушул аятка таянып, сизди ортого салып дуа кылабыз.
Урматтуу мусулман бир туугандар! Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) динди жеткирем деп, көптөгөн адамдардан зулум көрдү! Бирок үммөтүнө дин жеткирүүдө артка чегинген жок. Таиф элине динди жеткирүү үчүн барган кезде, пайгамбарыбызга таш ыргытылды, берекелүү денеси канга боелду. Кепичи канга толгон кезде Жебреил периште келип: Тоодогу периштелер күтүп турушат йя расул Алла. Алла Таала Таиф элин сиздин ихтиярыңызга (каалооңузга) койду деди.
Пайгамбарыбыз айтты: “Жок мен бул нерсени каалабайм, булар түшүнбөй жатышат”. Пайгамбарыбыз үммөтүнө өлүм каалаган жок. Дуа кылып айтты: “Мен үмүт кылам, бул элдин урпактарынан миңдеген мусулмандар чыгат ” деп.
Пайгамбарыбыз күн түн дебестен динди жеткирүүдө чарчаган жок. Адамдарга ыйык Курани Каримди окуп берген кезде, алар аны мажнун (акылынан тайган) деп шылдыңдашты.
Бүгүнкү күндө сөз берилгенде, акыйкатты айта алабызбы же болбосо уялып унчукпай коебузбу? Диниңиз акыйкат болсо эмнеден уяласыз? Албетте пайгамбарыбыз данышмандык менен эң мыкты деңгелде динди жеткиргенин унутпайлы!
Бирок биз ушундай инсандын үммөтү бугун эмне кылалдык? Канча жолу салават айттык? Калтырган мурасын аркалай алдыкпы?
Ушул кыскача баянды жазууга кээ бир адамдардын өз пайгамбарына кайдыгерлиги түрткү болду...
https://t.me/Muazhawwa
369 viewsedited 01:41