Get Mystery Box with random crypto!

Бүгүн бараат кечеси Шаабан айынын 14 нөн 15 не өткөн кече. (6- | 🌸Жан азыгы 🌸

Бүгүн бараат кечеси Шаабан айынын 14 нөн 15 не өткөн кече. (6-марттан 7-мартка өткөн түн)

"Бараат" сөзү "кутулуу" маанисин берет. Себеби ал түнү көптөгөн пенделер Аллахтын ырахматы менен тозоктон кутулат ин шаа Аллах.

"Шабан айынын так ортосундагы түнүндө ибадат кылып, күндүзү орозо туткула. Алла Таала ошол түнү күн батаары менен дүйнөнүн асманына (мээрими жана кечирими менен) келип, таң сүргөнгө дейре:

Менден кечирим тилегендер барбы, болсо кечирейин?

Ырыскы сурагандар барбы, Ырыскы берейин?

Кырсыкка кабылгандар барбы, куткарайын?... дейт".

(Ибни Маажа, Икаама 191)

Бараат кечеси эмне амал кылса жакшы?

Куран окуу

Түнү ойгонуп тахаджуд намаз окуу

зикр чалуу

Истигфар айтып кечирим суроо

Күнөөлөрдөн тыйылуу 2 Күндүзү орозо кармоо жакшы (15-бараат күнү)

Бараат кечеңиздер кутуу болсун жакшылар! Бүгүнкү түндүн жакшылыгын Жаратканым мол кылып берсин.