Өкмөт үйүнүн алдында 100гө жакын адам митинг өткөрүүдө Акцияг | MILITSIYA KG
Өкмөт үйүнүн алдында 100гө жакын адам митинг өткөрүүдө
Акцияга чыккан ишкерлер көзөмөл-кассалык машина менен иштөөнү жокко чыгарууну талап кылышууда.
Чогулгандардын алдына Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов чыкты. Бирок митингчилер аны укпай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чыгышын талап кылышууда.
Өкмөттүн токтомунда базарлар график боюнча 1-августка чейин ККМ менен соода кылууга өтүшү жазылган.