Get Mystery Box with random crypto!

Курсанттар ант беришти 2022-жылдын 20-августунда Чет мамлекетт | Коргоо министрлиги/Минобороны КР

Курсанттар ант беришти
2022-жылдын 20-августунда Чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына тапшырган курсанттарды салтанаттуу аскердик антка келтирүү аземи болуп өттү.
Иш-чара Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Коргоо министрилигин өкүлдөрү, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Бул жылы чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга 40 ашык кыргыз жарандары өтүп, алар Россия Федерациясынын, Азербайджан жана Казакстан Республикаларынын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышат.
Эске салак, курсанттар буга чейин тереңдетилген медициналык текшерүүдөн, дене-тарбиялык даярдыгы боюнча нормативдерден, жана предметтик жана психологиялык тесттерден өтүшкөн.
#кызматыбыз_мекенге