Get Mystery Box with random crypto!

“АРМИ-2022” ______________ “АРМИ-2022” оюндарынын алкагында Ал | Коргоо министрлиги/Минобороны КР

“АРМИ-2022”
______________
“АРМИ-2022” оюндарынын алкагында Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын аймагында “Десанттык взвод” мелдеши өтүүдө.
Мелдеш 4 этапта өтүп, Кыргыз Республикасынын курама командасы 1-дивизиондо беттешет. Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязандык гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында окуган кыргыз курсанттары бар.
Мелдешке жалпысынан 18 республика катышып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курама командасы төмөнкү мамлекеттер менен күч сынашат: Буркино Фасо, Россия Федерациясы, Вьетнам, Индия, Конго, Мали, Никарагуа, Судан, Таджикистан жана Сирия Араб Республикалары.
Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын аймагында өтүп жаткан мелдеш 14-августан 26-августка чейин уланат.
@milgovkg