Шамалда желбиреген желек жөнүндө эки жоокер талашып -тартышып жатышты.
Биринчиси мындай дейт:
- Бул желекти шамал желбиретет.
Экинчиси сүйлөндү:
- Жок, желектин өзү желбиреп баратат.
Алардын жанынан өтүп бара жаткан акылман. Жоокерлердин талашын угуп:
- Туу да, шамал да кыймылдабайт - АКЫЛ кыймылдайт! Деп жооп берди.