Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз мигрант 🇰🇬

Telegram каналынын логотиби kyrgyzmigrant — Кыргыз мигрант 🇰🇬 К
Telegram каналынын логотиби kyrgyzmigrant — Кыргыз мигрант 🇰🇬
Канал дареги: @kyrgyzmigrant
Категориялар: Саякаттоо
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 608
Каналдан сүрөттөмө

Алыста жүргөн кыргыздарга керектүү маалыматтар (Sputnik Кыргызстан агенттигинин долбоору) 🇰🇬

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2022-06-30 11:23:00
Бишкекке учуп келген мекендештер эми экспресс кичиавтобустар менен аэропорттон шаарга жетип алса болот

Бишкектен "Манас аэропортуна" ачылган каттам күнү-түнү каттай баштады.

18 орундуу кичиавтобустарды капталындагы Go bus деген жазуу аркылуу таанууга болот.

Жол кире 150 сом, каттамдардын аралыгы жарым сааттан.

@kyrgyzmigrant
1.3K views08:23
Ачык / Комментарий
2022-06-30 09:41:30 Айрым өлкөлөргө ПЧР-тесттин талап кылынышы боюнча "Манас" аэропортунун маалыматы

Мекеме төмөнкүлөрдү билдирет:

ПЧР-тест тапшырууну талап кылуу биздин эмес сиздер барчу өлкөлөрдүн талаптары. Ошондуктан, авиабилеттерди сатып алууда ПЧР-тес боюнча талаптын бар же жок экенин бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алуу керек


Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ПЧР-тестинин же эмдөө сертификатынын болушун жокко чыгарышкан.

Россия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок. Ошондуктан Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЧР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат.

Буга чейин COVID боюнча Республикалык штаб ПЧР-тестсиз бара турган өлкөлөрдүн катарына Россияны да кошкон болчу.

@kyrgyzmigrant
929 viewsedited  06:41
Ачык / Комментарий
2022-06-29 15:00:08
Кыргызстанда рублдин баасы 8 жылда биринчи жолу 1,5 сомго көтөрүлдү

Москва биржасында доллар 2015-жылдын май айынан бери алгачкы жолу 51 рублден төмөн түшүп кетти.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
625 views12:00
Ачык / Комментарий
2022-06-29 13:21:15
"Акча башканыкы, аны бирөө иштеп тапкан"

Кыргызстандык мигрант Москвада таштанды челектен ири суммадагы акча таап, полицияга өткөрүп берди. Шамарбек Матраимов Түштүк Медведково районунда көчө шыпырып иштейт.

Ал июнь айынын ортосунда урнадан 1000 доллар жана 80 000 рубль салынган баштык таап алган.

Кыргызстандык жаран акчанын ээсин өз алдынча издеп көрүп, жыйынтык болбогон соң полицияга кайрылган. Матраимов акчаны өзү алып албаганын төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Бул акчаны башка бирөө иштеп тапкан, ал ошол адамдын эмгеги. Кимдир бирөө санаа тартып жатса керек. Мен байып, же кедей болуп кетпейм", — деген Матраимов.

@kyrgyzmigrant
2.0K views10:21
Ачык / Комментарий
2022-06-28 08:54:56 Нур-Султан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Каттамдарды FlyArystan компаниясы аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарат. Учуунун убактысы 2 саат.

@kyrgyzmigrant
913 views05:54
Ачык / Комментарий
2022-06-28 08:31:56
Валентина Шевченко Кыргызстандын туристтик потенциалын жарнамалоону улантууда

UFC чемпиону социалдык тармактагы баракчасына ат минип жүргөн жана шаркырап аккан сууга түшүп жаткан видеосун жарыялады.

"Жаратылыш койнунда үй-бүлө жана досторуңдун курчоосунда ат минип убакыт өткөрүүдөн өткөн нерсе барбы. Кыргызстандагы жай — сыйкырдуу мезгил! Көчмөн элимдин салтын улантып жатам", — деп жазган Шевченко.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
615 views05:31
Ачык / Комментарий
2022-06-27 14:19:44 Россиянын Махачкала шаарынан Бишкекке жаңы авивакаттам ачылды

Жүргүнчүлөрдү Red Wings Airlines авиакомпаниясынын учактары ташыйт.

Каттам аптанын бейшемби күнү аткарылат.

@kyrgyzmigrant
938 viewsedited  11:19
Ачык / Комментарий
2022-06-23 20:42:16
Казино мыйзамына ким кандай добуш бергенин көрүп алыңыздар

Буга чейин Исках Масалиев жыйынтыкты көрүүгө спикер Талант Мамытов тыюу салганын билдирген.

Бирок эл өкүлү добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн компьютеринен тартып алып, коомчулукка жарыялап жиберди.

Видеодон кумарканаларды кайра ачууну кимдер колдоп, кимдер каршы болгонун көрө аласыздар.

Кадрдын экинчи бөлүгү жайлатылган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
1.1K views17:42
Ачык / Комментарий