Get Mystery Box with random crypto!

Айрым өлкөлөргө ПЧР-тесттин талап кылынышы боюнча 'Манас' аэро | Кыргыз мигрант 🇰🇬

Айрым өлкөлөргө ПЧР-тесттин талап кылынышы боюнча "Манас" аэропортунун маалыматы

Мекеме төмөнкүлөрдү билдирет:

ПЧР-тест тапшырууну талап кылуу биздин эмес сиздер барчу өлкөлөрдүн талаптары. Ошондуктан, авиабилеттерди сатып алууда ПЧР-тес боюнча талаптын бар же жок экенин бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алуу керек


Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ПЧР-тестинин же эмдөө сертификатынын болушун жокко чыгарышкан.

Россия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок. Ошондуктан Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЧР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат.

Буга чейин COVID боюнча Республикалык штаб ПЧР-тестсиз бара турган өлкөлөрдүн катарына Россияны да кошкон болчу.

@kyrgyzmigrant