Get Mystery Box with random crypto!

'Акча башканыкы, аны бирөө иштеп тапкан' Кыргызстандык мигран | Кыргыз мигрант 🇰🇬

"Акча башканыкы, аны бирөө иштеп тапкан"

Кыргызстандык мигрант Москвада таштанды челектен ири суммадагы акча таап, полицияга өткөрүп берди. Шамарбек Матраимов Түштүк Медведково районунда көчө шыпырып иштейт.

Ал июнь айынын ортосунда урнадан 1000 доллар жана 80 000 рубль салынган баштык таап алган.

Кыргызстандык жаран акчанын ээсин өз алдынча издеп көрүп, жыйынтык болбогон соң полицияга кайрылган. Матраимов акчаны өзү алып албаганын төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Бул акчаны башка бирөө иштеп тапкан, ал ошол адамдын эмгеги. Кимдир бирөө санаа тартып жатса керек. Мен байып, же кедей болуп кетпейм", — деген Матраимов.

@kyrgyzmigrant