Get Mystery Box with random crypto!

Чырашкалар тартуулайт: Салам Чырактын сулуу айымдары! IT д | Aidana Tech Talk

Чырашкалар тартуулайт:

Салам Чырактын сулуу айымдары!

IT дүйнөсүнө бизди багыттаган”Чырак” долбооруна саналуу күндөрдөн кийин “1 жыл”

Тактап айтканда, Дискордтун эшигин каккылап, терезесин черткилеп, агай-эжей, модераторлордун бир далай нерв клеткаларын чымыратып асмандан түшкөн “Айдандай” болуп, былтыр ушул күндөрү Чыракка катталдык эле

Уйкусуз таңдарды атырып, ноушнды катырып, чырылдаган балдарга карабай өмүрүбүздөгү эң кызыктуу, айтып бүткүс жомоктой үч айлык курсту окудук

Дүйнө таанымыбыз кеңейди, көзүбүз ачылды, багытыбызды алдык, чыгармачыл изденүүдөбүз

Ушул сонун күндөрү эстеп, максаттарыбызды аныктап, чер жазышып, Чырактын алгачкы туулган күнүн чогуу белгилөө үчүн баарыбыз чогулалы .

Чырактын ажарлуу айымдары, сиздерди 5-мартта, саат 14:00 дө Салымбеков университетинде күтөбүз

Билинбей өткөн бир жылдын таржымалы, сиздер менен кызыктуу

Күтөбүз