Get Mystery Box with random crypto!

Салам, достор! ⠀ Биздин «Чөйрө» IT Business Forum & Central As | Aidana Tech Talk

Салам, достор!

Биздин «Чөйрө» IT Business Forum & Central Asian Tech Awards 2023’тө «Экспансия года» номинациясында талапкер.

Бул номинацияда талапкер болгон себебибиз — «Чөйрөнүн» алкагында долбоорлор аркылуу IT тармагынын маанилүүлүгүн Мекенибиздин булуң-бурчуна жеткирип, кыргыз тилинде маалымат көбөйтүүгө чоң салым коштук деп ойлойбуз. Кыргыз Республикасынын 7 областында жергиликтүү айылдардын тургундары менен бирге иштер жүргүзүлүп, муну менен гана чектелбестен Европа мамлекеттеринде (Германия, Бельгия, Италия, Чехия, Польша), Азия өлкөлөрүндө (Түштүк Корея, Япония, Кытай, Түркия), алыскы Америкада (АКШ, Канада) жашаган кыргыздар
менен биргеликте долбоорлордун үстүндө иш алып бардык.

«Чөйрөдө» жалпы кыргыз коомчулугуна арналган коммерциялык жана социалдык IT долбоорлор: психология, көз карандысыз медиа, кыргызча подкаст, алгачкы кыргыз тилдүү веб-студия, дизайн, билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш-чаралар замандын талаптарына жооп берген керектүү, пайдалуу, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошкон потенциалы чоң демилгелер деп ишенебиз.

Бул иш-чараларды бекемдөө, жайылтуу жана өнүктүрүү максатында 2022-жылы Швейцарияда «Чөйрө 2022» форумун уюштурдук. Форумга Кыргызстандын саясий, экономикалык, экологиялык, маданий, илимий жана көркөм өнөр айдыңында көрүнүктүү орунду ээлеген активисттер, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлери жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты. «Чөйрө 2022» өз натыйжаларын берип, форумда жаралган идеялар иш жүзүнө ашып жаткан учуру.

«Чөйрөдө» ар тармактагы адистер, эксперттер, жаратман, тилектеш-санаалаш инсандар менен мындан ары дагы биргеликте көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырабыз деген үмүттөбүз. Жасаган ар бир ишибиздин аркасында Мекенге болгон сүйүү, жоопкерчилик, биримдик, заманбап билим, жаңы бийиктиктерге умтулуу, талыкпас эмгек, креативдүүлүк жатат.

Урматтуу биздин окурман жана Чөйрөчүлөр, сиздерди «Чөйрөнү» бул номинацияда колдоп, активдүү добуш берүүгө чакырабыз :
https://kssda.kg/awards2023/vote-expansion

Берилген ар бир добуш үчүн терең ыраазычылык билдиребиз