Get Mystery Box with random crypto!

Арыбаңыздар, урматтуу Чөйрөчүлөр! ⠀ Central Asian Tech Awards | Aidana Tech Talk

Арыбаңыздар, урматтуу Чөйрөчүлөр!

Central Asian Tech Awards 2023 алкагында биздин дос-долбоор Жылдыз Академиясы «Лучший вклад в IT» номинациясында талапкер.

Жылдыз Академиясы — аралыктан санариптик билим берүү борбору.

Жылдыз Академиянын негизги максаты — өмүр бою билим алууга даярдоо, азыркы учурда маанилүү болгон үйрөнүү, өз алдынча изденүү, командада иштөө, баарлашуу, чыгармачыл, критикалык ой жүгүртүү сыяктуу ийкемдүү көндүмдөрдү өркүндөтүп, АйТиге кирүүгө жардам берип, санарип көчмөндөрдүн санын көбөйтүү.

Чет өлкөдө жашап, эмгектенген мекендештерибиз, кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын демилгеси, жардамы жана колдоосу менен Жылдыз Академиянын алкагында «Келечек», «Чырак» акысыз онлайн IT окутуу долбоорлору болуп өттү.

Бул долбоорлорго жаш-курагына, кесибине, алган билимине карабай Кыргызстан менен кошо дүйнө жүзүнүн ар кайсы булуң бурчунда жашаган миңдеген кыргыз атуулдары катышышып, алар үчүн IT деген чоң дүйнөнүн эшиги ачылып, заманбап билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өзгөчө «Чырак» долбоорун белгилей кетсек, атайы кыргыз айымдарына, кыз-келин, апа, эже-сиңдилерибизге арналган долбоор. Бул долбоор аркылуу 8 миңден ашуун аялзатыбыз PM, UI/UX Design, SMM сыяктуу АйТидеги кесиптер менен таанышып, санариптик билим алып, ийкемдүү жөндөмдүүлүктү өздөштүрүштү. Жана эң негизгиси — муну менен бирге алардын адистик, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, чыгармачылык потенциалын жана коомдогу социалдык орундарын жогорулатууга өбөлгө түзүлдү.

Бул долбоорлор Жылдыз Академиясынын жетекчилиги менен көптөгөн ментор, IT-адистери, демөөрчүлөр, ыктыярчылар жана активисттердин жардамы менен иш жүзүнө ашып, IT тармагына кошулган мыкты салым деп ишенебиз.

Андыктан Central Asian Tech Awards 2023 «Лучший вклад в IT» номинациясында Жылдыз Академиясын колдоп, добуш берүүгө чакырабыз:
https://kssda.kg/awards2023/vote-contribution