Get Mystery Box with random crypto!

Салам, достор! KSSDA тарабынан уюштурулган Central Asian Tech | Aidana Tech Talk

Салам, достор!

KSSDA тарабынан уюштурулган Central Asian Tech Awards 2023 «IT тармагындагы жылдын мугалими»/«IT педагог года» номинациясында Мирлан Уржанов агайыбыз талапкер болуп көрсөтүлдү.

Мирлан агай Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургуну. Негизги жумушунан тышкары Жылдыз Академиясында менторлук кылып, «Келечек» акысыз IT окутуу долбоорунда 3 миң студентке Front-End Development багыты боюнча он-лайн сабак өткөрдү.

«Келечек» долбооруна АйТи окуйм деп дүйнөнүн булуң бурчунан катталган жердештерибизге мыкты деңгээлде сабак түшүндүрүп, көпчүлүк үчүн АйТидеги биринчи мугалими болду. Окуучулары «Мирлан агайдай оорду жеңил кылып жеткиликтүү түшүндүрүп берген мугалимдер аз»,-деп ыраазычылыгын билдирет.

Натыйжада окуучуларына АйТи дүйнөсүнө кирүүгө бекем пайдубал куруп, андан ары кесипти өздөштүрүп, өнүктүрүп, бул тармакта өз ордун тапканга эбегейсиз салымын кошту.

Келгиле, достор, сиздер дагы Мирлан Уржанов агайыбызды колдоп, бул шилтеме аркылуу добуш берип кетиңиздер:
https://kssda.kg/awards2023/vote-educator

Ар бир добуш маанилүү