Саламатсыздарбы, урматтуу Чөйрөчүлөр! ⠀ KSSDA (Кыргызская ассо | Aidana Tech Talk
Саламатсыздарбы, урматтуу Чөйрөчүлөр!
⠀
KSSDA (Кыргызская ассоциация разработчиков программного обеспечения и услуг) тарабынан Central-Asian Tech Awards 2023 уюштурулуп, «IT тармагындагы жылдын айымы»/ «Женщина года в IT» наамы үчүн «Чөйрөнүн» активдүү катышуучусу - Сайкал Дилдемурат талапкер катары көрсөтүлдү.
⠀
Сайкал Дилдемурат өзү чет жакта жашаганы менен жүрөгү Кыргызстан үчүн соккон чыныгы патриот лидер айым. Учурунда Жылдыз Академияда уюштурулган «Келечек», «Чырак» акысыз он-лайн IT окутуу долбоорлорунда дүйнөнүн төрт бурчунан катталган миңдеген мекендештерибиздин окутуу процессин уюштуруу, үзгүлтүксүз жардам берүү үчүн ыктыярчы-менеджер катары болгон күчүн жумшады. Өзгөчө «Чырак» долбоорунда 8 миңден ашык айымдарыбызга заманбап IT кесиптерин өздөштүрүү, санариптик сабатсыздыкты жоюу боюнча модераторлордун тобун жетектеп, эбегейсиз салым кошту.
⠀
Андыктан сиздерди
«IT тармагындагы жылдын айымы»/«Женщина года в IT» номинациясында Сайкал Дилдемуратка добуш берип колдоп коюуңуздарды суранабыз!
⠀
Добуш берүү https://kssda.kg/awards2023/vote-woman-year сайтында жүрүп жатат.