Саламатсыздарбы, урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана Кырг | Aidana Tech Talk
Саламатсыздарбы, урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана Кыргызстандын жаратмандары!
Сиздерди 27-ноябрда Германиядан иш сапары менен келген «Чөйрө» коомчулугунун негиздөөчүсү, тажрыйбалуу IT-адис жана социалдык ишкер - Азамат Токтакунов менен Салымбеков Университетинде өтө турчу оффлайн жолугушууга чакырабыз.
Иш чара эки бөлүктөн турмакчы:
1-бөлүк:
«Чөйрөнүн» ичиндеги долбоорлор менен жабык жолугушуулар өтөт.
2-бөлүк:
«Келечек», «Чырак» долбоорлорунун студенттери менен, андан соң «DevKurultay» IT-коомдоштук менен жолугушуу болот.
17:00 «Чөйрөнүн» негизги жалпы жолугушуусу башталат.
Долбоорлор менен жабык жолугушуулар:
09:00
Kelchek.Digital, Kutucha,
Чөйрө Event & Чөйрө Media
Кыргызча психология
11:00
ChyrakSMM
ТилБил
IT айылдан башталат
ITге Бирге
Демилге
13:00 Түшкү тыныгуу
Ачык жолугушуулар:
14:00 «Келечек» студенттери менен жолугушуу. «ITге кирүү» (Hard Skills) тууралуу маек
15:00 «Чырак» студенттери менен жолугушуу. «Тайм менеджмент» (Soft Skills) тууралуу маек.
16:00 «DevKurultay» - кыргыз тилдүү IT-коомдоштук менен жолугушуу. Релокация, кантип Германияга кетсе болот, Германиядагы жашоо тууралуу маек.
17:00 «Чөйрө» - жалпы жолугушуу. Долбоор жасоо, «Чөйрөдөгү» долбоорлор тууралуу маек.
Кириш сөз: Салымбеков Университетинин Президенти
Жумадилов Амангелди Жумадилович
Дареги: Бишкек, Ахунбаева көч., 125/2, Салымбеков Университети (Малдыбаева көч. менен кесилишет)
Жолугушууга катталуу: https://forms.gle/EZ2Y7kucDSn5fGE97