Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу достор! Кайрадан бизде кызыктуу адамдар менен жолугу | Aidana Tech Talk

Урматтуу достор!
Кайрадан бизде кызыктуу адамдар менен жолугушуу уланмакчы.

Тема: Биздин өлкөдө акыркы жылдардагы IT тармагынын өнүгүшү

Конок: Турат Алыбаев
Өтүүчү жай: Инста Live https://instagram.com/choyrocom/
Убактысы: 20.11.22 / 21:00

Биздин бул жолку коногубуз Weproject Media баракчасынын версиясы боюнча эң популярдуу кыргыз тилдүү IT блоггер, Flutter Developer, агартуучу жана Ackmatoff ITC компаниясынын негиздөөчүсү Турат Алыбаев болмокчу.

Жолугушууда:
Flutter тилинин азыркы таптагы популярдуулугу.
Кыргыз тилинде IT'нин өнүгүшү.
Кыргызстанда туруп, чет өлкөгө иштөөгө мүмкүнчүлүгү жана дагы сиздер даярдаган кызыктуу суроолорго жооп бермекчи.

Баса... биздин коноктордун маеги кызык болуп жатабы?
Чөйрө сиз каалаган конокту чакырып, жолугушуу уюштурганга ар дайым даяр.
Кайсы тармак боюнча кызыктуу конокторду көрүңүз келет, же кимди чакырууну каалайт элеңиз?

Комментарийге, сизге кызык болгон конокту сунуштап кетиңиз.