Бүгүн АКШда туруктуу жашаганга укук берген “Грин-кард” DV-2024 (Diversity Immigrant Visa Program) лотереясы башталды. Ал 8-ноябрга чейин уланат.
Лотереяга катышууну каалаган жарандар
https://dvprogram.state.gov/ сайтынан катталып алса болот.
Алгачкы күндөрү сайтка киргендердин саны көп болгондуктан ал мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
“Грин-кард” лотереясы 1990-жылы негизделген - анын жардамы менен жыл сайын дүйнө боюнча 50 миң киши АКШда туруктуу жашоого уруксат алат. 1995-жылдан тарта бул программага постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары катыша баштаган. Акыркы жылдары бул лотереяга орто эсеп менен 130 миңдей кыргыз жараны катышып келет.
Анткен менен DV-лотереясын утуп алгандар дароо “Грин-кард” алат дегенди билдирбейт - алар АКШнын элчилигине виза алуу үчүн билдирме берип, тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүүсү керек. Статистикага ылайык, орто эсеп менен DV-лотереясын утуп алган 500 кыргызстандыктан дээрлик жарымына виза берилбейт.