Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Telegram каналынын логотиби kyrgyz_developer — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты К
Telegram каналынын логотиби kyrgyz_developer — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты
Канал дареги: @kyrgyz_developer
Категориялар: Technologies
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 1.92K
Каналдан сүрөттөмө

Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://turatalybaev.taplink.ws

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

1

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2022-10-03 16:21:24
389 views13:21
Ачык / Комментарий
2022-10-02 21:00:08 Бүгүн кылганыңыз, эртең үчүн маанилүү.

Амансызбы урматтуу окурманым? Кайрадан аманчылыкта көрүшүп жатканыбызга шүгүрчүлүк болсун!

Урматтуу окурманым, акыркы учурларда өзүңүз билгендей АйТи тармагында көп жазып жатам. Аны окуган айрым окурмандарым, “Орусияда мигрант болуп иштеп деле жаныбызды багып жатпайбызбы” дейт, “айылда мал баксам деле жакшы эле жашап жатам го” дегендери да жок эмес.

Ооба, чынын айтсам, кимдин кантип жан бакканы, кимдин кантип акча тапканы мага анчейин маанилүү эмес. Бирок бүгүн сиздин кылган аракетиңиз, сиздин гана жоопкерчилик эмес. Билимге басым жасаңыз, сизди көргөн балаңыз да билимге умтулбайбы, Орусияда мигрант болуп жашасаңыз, сиздин балаңыз, орустун кулу экенбиз деп ооз анбайбы? Ушуну бир жакшылап ойлонуп көрүңүзчү.

Балким сиз азыр окуп, укмуштарды кыла албасаңыз да мейли, бирок сиздин азыркы жакшы кылган аракет, сиздин азыр кылган далалат, эртеңкибиз үчүн маанилүү экенин унутпайлычы.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 2-октябрь, 2022-жыл.
448 views18:00
Ачык / Комментарий
2022-10-02 19:54:04
Саналуу гана орундар калды
414 views16:54
Ачык / Комментарий
2022-09-30 13:11:20
566 views10:11
Ачык / Комментарий
2022-09-28 21:29:51
667 views18:29
Ачык / Комментарий
2022-09-25 21:24:54
910 views18:24
Ачык / Комментарий
2022-09-25 19:44:04
Кабыл алуу токтоду, 25 эле адамды окута алабыз, күчүбүз ошого жетет, күчүбүз жетпегенин окута албайбыз, аны эч кимге карыздар эмеспиз, Алланын ыраазычылыгы үчүн, өлкөмдүн билим менен өнүгүүсү үчүн окуталы деп жатабыз.

Андыктан, бизди жаман көрбөңүздөр, сураныч. Жаман сөз жан кейитет, жакшы сөз жан эргитет, 25 адамдын катарына кире албай калсаңыз, ал биздин күнөөбүз эмес.
748 views16:44
Ачык / Комментарий
2022-09-24 20:00:45 ​ Баткендик 25 жаранды акысыз окутуу.

Өлкөбүздүн өнүгүүсү биздин, ар бирибиздин билим алуубузга жана өнүгүүгө карай аракет кылуубузда экенин ар жазган макаламда баса белгилеп айта берем. Дагы да ошону кайталап айтам.

Урматтуу окурманым, Баткенде же башка жакта кандайдыр бир кыйынчылык болсо, чек арадан болсун, табияттан болсун жамандыкты кайдан деп болбойт, анан ар кыйынчылыкта эле тамак-аш ташый бербей, ошол чек ара аймактагы жарандарыбызды билим менен камсыз кылууну колго алалы.
Биз бул ирет, Баткен облусунда жашап жаткан 25 жаранды акысыз окутууга алабыз, жана аларды Кудай буюрса жок эле дегенде 1000 долларлык айлык менен жумушка киргизүүгө аракетибизди кылабыз. Билим берүүбүз ошону менен токтоп калбайт, Кудай буюрса дайыма улантабыз.

Биздин бул иш-чарабызды колдоого жана ушундай жакшылыктарды кылууга бардыгыңыздарды көмөктөшүүгө чакырабыз.

Сиз бизге жана мекенибиздин билимдүү келечегине кандай көмөк кыла аласыз?

Эң алгач ушул маалыматты стористе, ватсапта, телеграмда жайылтып, бизди белгилеп коё аласыз, экинчиден окуйбуз деген каалоочулардын ичинде ноутбугу жок, интернетке шарты жок адамдар чыгып калышы ыктымал, ошолорго ноутбук алып бере аласыз, интернет менен камсыздай аласыз.
Бул окутуунун баасы ар бир адамга жалпы чыгашасы 90 миң сомду түзөт, ошол чыгымдарды жабууга жардам бере аласыз. Жок дегенде бизге жакшы тилек кылып, Кудайдан бизге бакыт тилей аласыз.

Эми болсо, курсту окуунун шарттары:

Баткен облусунун тургуну жана учурда ошол жакта жашап жаткан болуусу;
17-18 жаштан жогору болуусу;
Ноутбук жана үзгүлтүксүз интернет болуусу;
Англис тилин билсе, кошумча артыкчылык болот;
Биздин ушул макаланы инстаграмга пост катары чыгарып бизди белгилөө;
Стористке чыгарып биздин төмөндөгү аккаунттарды белгилөө;
Профилдеги шилтеме аркылуу кирип, форманы толтуруу;

Урматтуу окурманым, кабыл алуу 3 этап менен өтөт. Алгач жогорудагы шарттарды аткаруу, бул шарттарды аткарган 50 адам 1 этаптан өтөт, 2-этапта ар бири менен жеке баарлашуу жана 3-этапка тапшырма берилет, 3-этаптан өткөндөр гана кабыл алынат.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 24-сентябрь, 2022-жыл.
661 views17:00
Ачык / Комментарий