Get Mystery Box with random crypto!

​ Урматтуу окурманым, көптөн бери АйТи курстарыбыз ачылбай, с | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

​ Урматтуу окурманым, көптөн бери АйТи курстарыбыз ачылбай, сурагандар өтө көп болуп кетти. Ошондуктан биз, Онлайн 1 группа жана офлайн 1 группа (Ош шаарында) ачып жатабыз.

5-октябрда Баткендиктерден тандалып алынган 25 адамды акысыз окутуп баштайбыз. Ошону менен бирге ал группага акылуу окуй тургандарды кошо турган болдук.

Жана ошондой эле, Ош шаарында офлайн курстар качан ачылат деп сурап жаткандар үчүн да сонун жаңылыгыбыз бар, онлайн группабызга удаа эле, 8-октябрда Ош шаарында офлайн 1 группабыз ачылат.

Бул курстар жалпы 6 ай окутулат, бул курста мобилдик тиркеме жасоону үйрөнүп чыгасыздар. Курстун жыйынтыгында 3 ай акысыз стажировкага катышууга мүмкүнчүлүк аласыз.

Курска керектелүүчү нерселер:
Эң биринчи күчтүү каалоо болушу керек;
Андан кийин күчтүү ноутбук;
Үзгүлтүксүз интернет байланышы;
Андан соң болсо 6 айга төлөм кылууга каражат керек ;

Курстун жүрүшүндө, Dart’тын базалык билими берилет, жана Flutter өтүлөт. Флаттер аркылуу курстун жүрүшүндө 10 тапшырма аткарылат, бул 10 тапшырмада Флаттер нөлдөн башталып, Junior деңгээлиндеги програмчы аткара ала турган тапшырмаларды, UI тапшырмаларды жасоого жарап каласыз.

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз, андыктан тез арада биз менен бирге мобилдик тиркеме иштеп чыгуучу программист болуңуз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 3-октябрь, 2022-жыл