Get Mystery Box with random crypto!

​ Бүгүн кылганыңыз, эртең үчүн маанилүү. Амансызбы урматту | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Бүгүн кылганыңыз, эртең үчүн маанилүү.

Амансызбы урматтуу окурманым? Кайрадан аманчылыкта көрүшүп жатканыбызга шүгүрчүлүк болсун!

Урматтуу окурманым, акыркы учурларда өзүңүз билгендей АйТи тармагында көп жазып жатам. Аны окуган айрым окурмандарым, “Орусияда мигрант болуп иштеп деле жаныбызды багып жатпайбызбы” дейт, “айылда мал баксам деле жакшы эле жашап жатам го” дегендери да жок эмес.

Ооба, чынын айтсам, кимдин кантип жан бакканы, кимдин кантип акча тапканы мага анчейин маанилүү эмес. Бирок бүгүн сиздин кылган аракетиңиз, сиздин гана жоопкерчилик эмес. Билимге басым жасаңыз, сизди көргөн балаңыз да билимге умтулбайбы, Орусияда мигрант болуп жашасаңыз, сиздин балаңыз, орустун кулу экенбиз деп ооз анбайбы? Ушуну бир жакшылап ойлонуп көрүңүзчү.

Балким сиз азыр окуп, укмуштарды кыла албасаңыз да мейли, бирок сиздин азыркы жакшы кылган аракет, сиздин азыр кылган далалат, эртеңкибиз үчүн маанилүү экенин унутпайлычы.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 2-октябрь, 2022-жыл.