Get Mystery Box with random crypto!

Көкбөрү жана кокпар эч качан АКШ менен өнүкпөйт. Венгрия, Фран | Көкбөрү каналы

Көкбөрү жана кокпар эч качан АКШ менен өнүкпөйт. Венгрия, Франция, Түркия, Монголдор менен дагы өнүкпөйт.
Көкбөрү менен кокпарды кыргыз менен казак гана өнүктүрө алат. Бул демилгени кыргыз жакшы түшүнсө дагы, тилекке каршы казак федерациясы түшүнбөй койду. Алар бул спортту дүйнөгө алып чыгабыз деп космостогу кыял менен жүрөт, бирок бул спорт дүйнөгө тарачу спорт эмес.
Бир мисал: 2014-жылы I Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Казакстан көкбөрүчүлөрү келбей коюп, финалда эки кыргыз командасы ойноп көкбөрү көркүнө чыкпай калган. Бул деген казак жок көкбөрү өнүкпөйт дегенге бир мисал.
Ал эми II жана III ДКОдо казак улакчылары келип турнир алда канча кызыкка батты. Бул казак барда майрам шаңдуу дегенге дагы бир мисал.
Эми Түркияга кыргыз барбаса деле улак болот дегилечи, бирок кайсы эл барып көрөт бул оюнду? Кыргыз жокто кайсы улак шаңга бөлөнөт? Кээ бир туристтер ал жакта кокпар болуп атканын билбей эле кетет.
Ошондуктан казактар быйыл болбосо да келечекте баары бир биз жок болсок көкбөрү (кокпар) өнүкпөсүн моюнга алып, алдыбызга келишет. Мына ошондо биз көкбөрү ойногула деген талапты койобуз. Азырынча Түркияда өздөрү менен өздөрү ойной берсин, биз болсо үйдө эле карап турганыбыз оң.